Пример HTML-страницы

Министрлер кабинетинин төрагасы А.Жапаров Караколдогу мал базарды көрүп чыкты. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 13-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына иш сапары менен келди, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Жапаров алгач шаарды өнүктүрүү программалары менен таанышып чыкты. Андан соң мал базардын учурдагы абалын көрдү. Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырма берип, тийиштүү шарттарды түзүүнү тапшырды. Шаарда жаңыдан уюштурулуп жаткан мал базар жай айында ишке берилери күтүлүүдө.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы — Президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров Президенттин администрациясынын аппараттык кеңешмесинде республиканын борборундагы жана аймактарындагы мал базарлардын абалын кескин сынга алган.

«Кечээ Каракол шаарындагы мал базарга келгендер жиберген видеону көрдүм. Эл ылайды кечип жүрөт, жарандар үчүн жөнөкөй шарттар каралган эмес, бул 2022-жылы КМШнын маданий борбору катары тандалган шаарда болуп жатат. Баарын тазалап, асфальт төшөп жана иштин жыйынтыгын билдирүүгө бир ай убакыт берем. Бул бир эле Караколго эмес, республиканын бардык мал базарларына тиешелүү. Жеке өзүм барып, баарын текшерем», — деген Акылбек Жапаров.

——————————————————

Каракол шаарында ар жуманын жекшемби күнү мал базар уюштурулат. Ага облустун ар аймагынан 600гө жакын мал алынып келип, сатыкка коюлат.

Turmush басылмасынын кабарчысы ушул жылы март айынын аягында жашоочуларга шилтеме берүү менен тынбай жааган суу кардан базар толук баткакка айланганын билдирген. Базарга келген тургундар нааразычылыгын билдирип, социалдык түйүндөргө билдирүү калтырышкан.

Тургундардын айтымында, мал базарга ар бир малды акы төлөп алып киришет. Андыктан шарттарды түзүү керек. Бул жолу баткак тизеге жеткенин видео тартып алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE