Пример HTML-страницы

Манастык А.Калмырзаева 6 баласын кол өнөрчүлүк менен чоңойтту

Акыркы жанылыктар

TurmushМанас районунун Нылды айылынын 49 жаштагы тургуну Алымкан Калмырзаева 31 жылдан бери курак курап, кыздардын себин жасап келет. Аймактык кабарчы иштүү айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Кырк-Казык айылынын кызы. 1988-жылы Нылды айылына келин болуп келген.

«Мага кол өнөрчүлүк чоң апамдан калган окшойт деп ойлойм. Чоң апам бүт айылга шырдак жасап, курак курап берчү экен. Чоң апам жанына отургузуп, бүт нерсени үйрөткөнү менен дароо иштеп кеткен жокмун. Кийин 1988-жылы турмушка чыктым. Ошол жылдардан баштап кол өнөрчүлүк дүйнөсүнө аралаша баштадым. Алгач үйгө деп курак курап, үйдөгүлөргө кийим-кече тигип берип жүрдүм. Кийин балалуу болдум. Баламды кайын энем карайт. Мен айыл ичиндеги тургундардан буйрутма алып тигем. Башында кийимдерге буйрутма алып тигип жүрдүм. Акырындык менен курак курап, кыздын себин даярдай баштадым. Бири-биринен угуп эле буйрутмалар тынбай келе баштады. Ал учурда жолдошум экөөбүз 6 балалуу болдук. Балдарыбызды ушул кол өнөрчүлүктүн арты менен эле багып чоңойттук десек болот. Жолдошум сырттагы жумуштары менен алек болсо, мен үйдөгү жумуштар, чеберчилик менен алек болчумун. Эң чоң жардамчым кайын энем болду. Ал адам менин балдарымды багып, мага чоң жардам берди. Менин ишимди колдоп, ар дайым мактап турчу. «Келинимдин колу иштүү» деп курбуларынан буйрутма алып келчү (күлүп)», — деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле бир жер төшөктүн баасы 300 сом экенин кошумчалады.

«Мага көбүнчө күз айларында буйрутма түшөт. Ал мезгилде кыз берип, келин алчулар көп болот эмеспи. Кыздын себиндеги ар бир жер төшөктү 300 сомдон тигем. Курактардын ар бир көзүн 100 сомдон курайм. Андан тышкары чыптамаларды тигем. Чыптамаларды айыл жашоосуна ылайыктуу баа менен 150-200 сомдон сатам. Алуучулар көп. Өзүмдүн 4 кызыма өз колум менен сеп жасап бердим.

Кол өнөрчүлүктү баалай билсең өтө барктуу. Эң кыйын кесиптердин бирине кирет десем жаңылышпайм. Себеп дегенде өтө майда жумуш. Ар бир куракты өзүнчө кылдаттык менен курайсың. Кардардын каалоосуна жараша кылып даярдап бериш үчүн жакшы фантазия керек болот. Курактарды өзүм ойлоп таап кураган учурлар болот. Канчалык кооз кылып курасаң, эл ошончолук кызыгуу менен буйрутма беришет. Бөлмөнүн көркүн ачат.

Менин атайын заманбап тигүүчү машинам жок. Илгерки бут машина менен эле тигип, киреше таап келе жатам. Ушул кичинекей тигүү машинам менен 6 баламды чоңойттум», — деди Алымкан айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE