Пример HTML-страницы

Кызыл-Кыяда 2 жыл мурун курулган оргума иштебей турат. Себеби айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында мэриянын маңдайындагы оргума пайдаланууга берилгенине аз убакыт болгонуна карабай, иштебей турат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаар тургундары билдирди.

«Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын имаратынын жанына оргума курулганына 2 жылдай болду. Бирок азыр иштебей турат. Курулушуна бюджеттен акча бөлүнгөн. Кайран гана мамлекеттин акчасы, ысырапкерчилик», — дейт шаар тургуну Тажибай Полотов.

Ал эми шаар мэри Асылбек Маткалыковдун айтымында, оргума учурда иштеп жатат, бирок балдар үчүн кооптуу.

«Фонтан учурда иштеп жатат. Күн ысыктыгынан балдар келип, суудан чыгышпайт. Ата-энелер карап отурушат. Ал жерде учтуу темирлер бар. Эгер жаш балдар секирип сууга түшчү болсо, темирге сайылып калат. Ошондой эле астында электр тогу бар. Ата-энелер балдарына оргумага түшпөөнү эскертишсе. Кокус бир нерсе болсо, күнөөлүү биз болобуз. Бизге жоопкерчилик артылат», — деди мэр.

Мэр бул оргума ал кызматка келгенге чейин курулганын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE