Пример HTML-страницы

Кыргыз-тажик район башчылары чагымчылдык аракеттердин алдын алуу үчүн жолугушуу өткөрүштү (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 9-сентябрь күнү чек арадагы кырдаалды туруктуу кармоо максатында Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон делегация Тажикстандын Сурх чек аралаш аймагында Исфара районунун төрагасы Баховадин Баходурзода жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, тиешелүү жетекчилер катышты. Анда чек ара, укуктук тартип, сугат суу, суу талаш көйгөйү жаралбашы үчүн алдын ала макулдашуулар зарылдыгы белгиленип, макулдашылбаган аймактарда эки тараптуу курулуш иштерин, түрдүү аракеттерди болтурбоо жана алдын алуу, ирригациялык, чарбалык жана күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Ошондой эле эки тараптуу делегация чагымчылдык аракеттердин алдын алуу үчүн чараларды көрүү боюнча макулдашышты.

Мындан сырткары эки элди түрдүү провокациялык чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары сүйлөшүлдү. Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө бир топ маселелер жеринде талкууланды.

Учурда Баткен районунун чек ара аймагында коомдук саясий абал тынч.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE