Пример HTML-страницы

Кочкор районунда Шамалды-Сайдан алынып келген дарбыздар сатыкка чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунда дарбыз сатыкка чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Буга чейин Кочкор районунда Өзбекстандан алынып келген дарбыздардын 1 килограммы 50 сомдон сатылып жаткан болсо, учурда Шамалды-Сайда бышкан дарбыздардын килограммы 30 сомдон сатылууда. Ал эми андалектин 1 килограммы 50 сомдон сатылууда.

Сатуучулардын айтымында дарбыз, андалекке суроо-талап эми жандана баштады.

«Дарбыз, коонго суроо-талап аябай боло элек. Бирок акырындап сатылып жатат. Базардан ары-бери өткөн алармандар: «Азыр дары менен бышканды албай туралы деп» сүйлөнүп өтүп жатышат. Дасторкондун көркүн чыгаруу үчүн конок, куда тосчулар алып жатышат», — дейт сатуучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE