Пример HTML-страницы

Кочкор-Атадагы мектепте 42 окуучу белгисиз затка ууланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында 40тан ашык окуучу белгисиз затка ууланды.

Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, кечээ, 11-майда №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинин окуучулары өздөрүн жаман сезип, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Алар 6-7-8-класстардын окуучулары.

Кочкор-Ата жалпы дарыгердик практикалык борборунун өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, 11-майда жалпы 42 окуучу ооруканага түшкөн. Алардын бешөө орто оор абалда болгон.

«Баары медициналык кароодон өткөн. Абалдары жакшы, ошентсе да бүгүн 26 бала этияттык үчүн ооруканага калтырылды. Үйүнө чыккандар да дарыгерлердин көзөмөлүндө», — дешти алар.

Ал эми милициянын маалыматы боюнча, алдын ала иликтөө иштеринин жүрүшүндө мектептин жогорку кабаттарына көтөрүлгөн тепкичтеринде жана коридорунда кандайдыр бир зат жыттанып, окуучулар эч кандай тамак-аш, суусундук ичкен эмес. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн электрондук маалыматтарды каттоо журналына «уулануу» болуп катталды. Учурда териштирүү иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE