Пример HTML-страницы

Каркыра жайлоосунда Т.Сыдыкбековдун 110 жылдыгы жана С.Жумадыловдун 90 жылдыгы белгиленет

Акыркы жанылыктар

Turmush2022-жылдын 22-23-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра жайлоосунда Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы жана Советбек Жумадыловдун 90 жылдык мааракесине арналган эл аралык маанидеги иш-чара өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар тобу билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-июль күнү саат 10:00дө иш-чаранын расмий ачылышы болот. Анда «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, акындардын айтышы, ат оюндары, ат чабыштын түрлөрү, оодарыш, кыз куумай, көк бөрү жана күрөш өтөт.

23-июлда мурунку күндүн оюн-тамашалары улантылып, жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат. Ошондой эле театралаштырылган коюлма «Т.Сыдыкбеков жана С.Жумадылов сахнада» фильми көрсөтүлөт.

Байге фонду 2 миллион сомдон ашып, аламан байгеге, жорго салышка, көк бөрүгө, кыргыз аттарынын чабышына жана күрөштүн 80 килограммга чейин жана 80 килограммдан жогору балбандарга 2 унаа, бардык баш байгеге 6 унаа коюлат. Акындардын байгесине бир миллион сом каралып жатат.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун келиши күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE