Пример HTML-страницы

Караколдук студент Улан Токтосунов Түркияда «Манас» эпосун даңазалаган

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарындагы Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайынын 4-курсунун студенти Улан Токтосунов студенттик күнүнөн тарта атактуу акындар менен айтышып, чет өлкөлөрдө «Манас» эпосунан үзүндү айткан. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Токтосунов Улан Орусбекович 2002-жылы 18-декабрда туулган. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү.

«Негизи туугандарым чыгармачылыкка жакын. Ал эми тайларымда манасчылар бар. 1-класста билим алып жатканда эжелерим үйдөн «Манас» жаттап, «Манас» эпосун окуп калышты. Мен абдан кызыгып, алгач эпостон үзүндү жаттап, айта баштадым. Ошентип мектептеги иш-чараларда «Манас» эпосунан үзүндү айта баштаган. Студент болгондо чоң сахналарды багынта баштадым. 2018-жылы Анкара шаарына барып, фестивалда «Манас» эпосунан үзүндү айтып келдим. Ал жерде биздин эпосту абдан жакшы кабыл алышты», — дейт ал.

Улан «Манас» айтуу өнөрүнүн арты менен шаардагы Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрына манасчы болуп ишке орноткон. Учурда облустагы бардык иш-чараларда улуу баянды айтып келет.

Анын айтымында, Саякбай, Сагынбай манасчыларды кичинесинен көп угат. Ошондой эле Токтогул, Эшмамбет өңдүү акындардын ырларын угуп, термелеринен сабак алат.

«Башында Аалы, Элмирбек акындардын термелерин угуп жүрдүм. Алардын айткан учкул сөздөрүнөн сабак алып, мен да айтышка катыша баштадым. Бул чоң акындык өнөрдүн башаты болууда. Сөз кадырын, сөз төркүнүн билген акындар менен тамаша айтышып, такшалып жатам», — дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE