Пример HTML-страницы

Караколдо унутта калып кеткен лыжа менен чуркоо спорту жандана баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында унутта калып бара жаткан лыжа менен чуркоо спорту жандана баштады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Учурда спорттун бул түрү Каракол шаарында жана Ак-Суу районунда жанданып жатат.

Каракол шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде буга чейин тоо лыжасы боюнча ийрим болгон. Анда калаанын 180ге жакын балдары бекер машыгып келишкен.

«Быйыл лыжа менен чуркоо боюнча атайын машыгуу окууларына балдарды кабыл алып баштайбыз. 15 өспүрүмгө, 2 машыктыруучуга классикалык чуркоо лыжаларынын инвентарлары берилди. Бүгүнкү күндөн тарта 9 жаштан баштап балдарды кабыл алып баштайбыз», — дейт мектеп жетекчиси Бакыт Түлөжанов.

Аталган мектепке лыжалар Швейцария өлкөсү тарабынан берилди. Ошондой эле, шаарда жаштар менен иш алып барган уюмга жана Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында тоо лыжасын жандантып жаткан базага лыжалар берилди.

«Лыжа менен чуркоо унутта калып бара жаткан спорттун түрү. Бул балдарга абдан ылайыктуу, анткени коопсуз спорт болуп эсептелинет. Ал сууда сүзүү сыяктуу эле бардык булчуңдар иштейт. Тоо этегинде, таза абада машыгууга мүмкүнчүлүктөр бар», — дейт Руслан Байгашкаев.

Кыргыз жергесинде лыжа мелдештери 1926-жылдан бери өткөрүлүп келген. Бишкек, Каракол жана Нарын шаарларында бир убактарда лыжа секциялары иштеп турган. 1936-жылы Караколдо лыжа менен чуркоо боюнча Кыргызстандын биринчи чемпионаты өткөн. Бишкектен Алматы, Москвага чейин лыжалык жүрүштөр уюштурулган. Кыргызcтандыктар Союздук мелдештерге, СССР элдеринин кышкы спартакиадаларында азыноолак ийгиликтерге да жетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE