Пример HTML-страницы

Караколдо эки унаа жөөлөшүп, бири даракты сүзүп токтоду. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарында эки унаанын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Окуя 11-июнь күнү саат 16:40 чамасында болгон. Анда Ак-Суу районунун 1976-жылы туулган тургуну Ж.Н. «Мерседес-Бенц» автоунаасын Абдрахманов көчөсү менен башкарып бара жаткан. Ошол маалда сол тарабында бара жаткан «Хонда-Цивик» автоунаасы менен жөөлөшүп, андан ары жолдун четине чыгып, жол жээктеги карагайларды аралап, даракты сүзүп токтогон.

Кырсыктан аталган автоунаага материалдык чыгымдар келтирилген. Жабыркаган адамдар жок.

Ал эми «Хонда-Цивик» автоунаасынын айдоочусу Каракол шаарынын1999-жылы туулган тургуну С.С. болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE