Пример HTML-страницы

Караколдо баткакка чыланган мал базарды тазалап жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарында ар жуманын жекшемби күнү мал базар уюштурулат. Ага облустун ар аймагынан 600гө жакын мал алынып келип, сатыкка коюлат. Акыркы тынбай жааган суу кардан базар толук баткакка айланган. Базарга келген тургундар нааразычылыгын билдирип, социалдык түйүндөргө билдирүү калтырышкан.

Тургундардын айтымында, мал базарга ар бир малды акы төлөп алып киришет. Андыктан шарттарды түзүү керек. Бул жолу баткак тизеге жеткенин видео тартып алышты.

Каракол шаарынын вице-мэри Чыңгыз Бапаевдин айтымында, базар 3 гектар аянтты ээлейт.

«Акыркы эки жума тынбай кар жаагандыктан ушундай болуп жатат. Буга чейин иштер алып барылып, атайын чатырлар орнотулган. Цемент төшөө боюнча айтканда, базардын ээси кыш айында мал зара ушатып, муз болуп, мал жыгылып, кокустук көп болорун айтты. Айына базар төрт жолу иштеп жаткандыктан иретке келтиргиле деп тапшырма бердик. Мындан кийин мындай окуя кайталанбашын талап койдук», — дейт вице мэр.

Ал эми базардын директору учурда эки техника, 7 кызматкер тазалоо иштерин жүргүзүп жатканын айтты.

«Негизи эки жумадан бери тазалап жатабыз. Бирок кар, жаан, суу болуп, улам агып жатат. Учурда баткакты техника менен сордуруп жатабыз. Бизде 500 чарчы метрден 3 чатыр-бастырма бар. Дагы бир бастырма куралы деген план бар», — дейт Ж.Түлөжанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE