Пример HTML-страницы

Караколдо Баш мыйзамдын 30 жылдыгы расмий түрдө белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарында Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы салтанаттуу белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анда Ч.Айтматов атындагы борбордук аянтта Баш мыйзамдын 30 жылдыгы расмий түрдө белгиленип, анын орду, тарыхы тууралуу маалымат берилди. Муну менен катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эгемендүүлүктүн, эркиндиктин башкы кепилдиги болгон конституция күнү менен тургундарды куттукташты. Ошондой эле тургундарга концерттик программа тартууланды.

Каракол шаарында көп этностун ынтымакта жашаганы даңазаланып, борбордук скверге ар этнос өкүлдөрүнүн катышуусунда көчөттөр отургузулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE