Пример HTML-страницы

Каракол шаарындагы тарыхый эстеликтерди бүлдүргөн жаштар

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 18-апрель тарыхый эстеликтер жана өрнөктүү жайлардын Эл аралык күнүнө карата Каракол шаарында тургузулган эстеликтердин абалына аймактык кабарчы көз чаптырып көрдү.

Маалыматка караганда, калаада тарыхый эстеликтердин басымдуу бөлүгү «Жеңиш» сейил багына коюлган. Анда 1916-жылдагы Үркүндүн 100 жылдыгында арналып, 6 жыл мурда тургузулган эстеликтин таштары, 1937-1953-жылдардагы бийликтин саясий куугунтугу болуп, репрессия шейиттерине арналып тургузулган эстеликтер да сына баштады. Ошондой эле сейил багынын башкы аллеясында турган Эркиндик символу, анын айланасында турган 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон баатырлардын таштары да талкалана баштаган. Эркиндик символуна жана башка эстеликтердин арткы беттерине жаштар ар кандай сөздөрдү жазып, телефон номурларын да калтырып кеткенин көрүүгө болот.

«Негизи бир кезде эстеликтер такыр каралбай калган. Арткы беттери жазуу, сөгүнгөн сөздөрдөн көрүнгүс болгон учурлар өткөн. Азыр ага салыштырмалуу жок дегенде таза. Мен жылына бир жолу, жалпы эстеликтерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, реставрация кылып турсак деп суранмакмын. Бул келечек муунга тарых болсо, шаарга келген меймандарга маданий жай», — деди шаар тургуну Акылай Огонбаева.

Ал эми шаар тургуну Мырзабек Сатиндиев шаардын акчасын үнөмдөө үчүн эстелик орнотууну токтотуу керектигин айтат.

«Азыр биздин уруудан чыккан баатыр, бий жана башка ар түрдүү санжыраны айтып, эстелик салууну токтотсок. Мисалы, эс алуу бактары, маданий жайлар мүрзөнүн элесин бербеши керек. Анын ордуна бакчаларга бак тигели, түнкү чырак орнотолу, отургучтарды коёлу, гүл олтургузалы. Бир жолу акча чыгарып коюп койгон эстеликти жылда бюджеттен каражат кетирип, аны оңдоп туруу керек . Бул да чыгым. Болбосо талкаланып, азыркы көпчүлүк эстеликтердей эле болуп калат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE