Пример HTML-страницы

Кара-Көлдө 7 окуучу билим алган мектеп эми башка мектептин жетекчилиги алдында иштейт

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына караштуу Көк-Бел айылында жайгашкан №8 Бабакан атындагы башталгыч мектеп консервацияга кирди. Бул тууралуу Turmush басылмасына шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган башталгыч мектепте 7 окуучу билим алат.

«Окуучулардын саны аз болгондуктан аталган мектеп концервацияга туш болду. Бул мектеп жабылды же иштебейт деген түшүнүк эмес. Окуучулардын саны көбөйгөндө кайра иштей берет. Мектеп окуучулардын саны азайганда башка бир мектептин жетекчилиги астында ишин уланта берет. Окуучулар ошол жерде эле окуйт, болгону директор жок болот. Азыр бул мектеп №6 Туралы Темиров атындагы орто мектептин жетекчилиги астында иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Аталган мектеп 1993-жылдан бери иштейт. Кара-Көл шаарынан 25 чакырым, ал эми №6 Т.Темиров атындагы орто мектептен 20 чакырым алыс жайгашкан. Башталгыч мектеп союз учурунда 8 жылдык мектеп болуп иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE