Пример HTML-страницы

Кара-Көл менен Кетмен-Төбөдө кекиликтерге жем чачуу иштери жүрдү

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Көл шаарында жана Кетмен-Төбө аймагында кекиликтерге жем чачылган, деп билдирди жаныбарларды коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы чарбанын негиздөөчүсү Автандил Мамытов.

Анын айтымында, алар жан-жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылууга каршы иш алып барышат. Ошондой эле жаныбарлардын көбөйүүсүнө шарт түзүшөт. Алар кышкысын жапайы канаттуулардын камын көрүү максатында жем чачышкан.

«Кекиликтин саны — биздин аңчылык чарбанын аймагында 15 миңдей. 2023-жылы кекиликти мыйзамсыз атуу боюнча 1 факт аныкталып, айып пул санынып өндүрүлгөн», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE