Пример HTML-страницы

Кара-Буурада маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 2-ноябрда Кара-Буура районунда маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, райондун Кызыл-Адыр айылындагы «Семетей» кинотеатрында иш-чара уюштурулду. Ага райондогу жетекчилер да катышты. Бир катар маданият кызматкерлерине райондук акимчиликтин ардак грамоталары тапшырылды.

Андан сырткары райондук маданият бөлүмүнө кесиптик майрамына карата Кара-Буура райондук өнүктүрүү фондунан 550 миң сомго музыкалык аппараттын бардык түрү жана музыкалык аспаптар алынып берилди. Кара-Буура райондук маданият бөлүмүнүн кызматкери Накешов Наматбекке Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси ыйгарылды. Иш-чаранын жүрүшүндө сологой ырчы Сооронбек атындагы райондук музыкалык мектебинин окуучуларынын жана кызматкерлеринин коштоосунда концерт тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE