Пример HTML-страницы

Кар түшкөн Ак-Шыйрак—Барскоон унаа жолу ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 20-мартта Ак-Шыйрак—Барскоон унаа жолу ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга №35 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Кубаныч Муканбеткалый уулу билдирди.

Анын айтымында, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам сырт өрөөнүнө баруучу жолго кар түшкөн.

«Жолчулар жолду ачуу боюнча кечетен баштап иштей башташты. Анткени буга чейин кардуу бороон болуп, жол таптакыр көрүнбөй калган. Азыркы тапта атайын техникалар тартылып, жолду кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө», — деди ал.

Буга чейин Ысык-Көл облусунда 1 метрге жакын кар жааганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE