Пример HTML-страницы

«Кадастрдын» Жумгалдагы бөлүмүнүн имараты авариялык абалда турат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун Чаек айылындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин райондук бөлүмүнүн имараты авариялык абалда турат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бул имарат 1957-жылы райондук партия комитетинин конторасы катары салынып, кийин поликлиника болуп ачылган. 1991-жылдан тартып Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы жерге жайгаштыруу жана жер ресурстары боюнча бөлүмү турган. Андан кийин «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин райондук бөлүмүнө берилген.

Имарат курулгандан бери бир дагы жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Мындагы адистер имарат урап түшүү стадиясына жетти деген бааларын беришүүдө.

«Жыл сайын жыртык-тешигин өз каражатыбыз менен бүтөп келе жатабыз. Капиталдык оңдоого болжол менен 2-3 млн сом керек. Сырты урап, пайдубалы чөгүп, көк жыттанган имараттын жарымында тарых музейи турат. Тиешелүү жакка сунуштап, каржыдан жардам сурандык», — дешет кызматкерлер.

Мекемеде бүгүнкү күндө 15тен ашык кызматкер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE