Пример HTML-страницы

Кадамжайдын Сары-Алтын айылында 35 млн сомго бала бакча курулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Сары-Алтын айылына бала бакча курулуп жатат. Бул тууралуу Майдан айылдык кеңешинин төрагасы Жолдош Тагаев билдирди.

Маалыматка караганда, Майдан айыл аймагынын Сары-Алтын жана Бак айылдарында жалпысынан 2 миңге жакын түтүн жашайт. Анткен менен чектешкен эки айылда тең бир дагы балдар бакчасы жок. Учурда 100 орундуу балдар бакчасынын курулушу жүрүп жатканын айтат.

«Аталган айылдар үчүн курулуп жаткан 100 орундуу балдар бакчасынын жалпы баасы 35 млн сомду түзөт. Учурда 1-кабаты бүтүп калды. Буйруса келерки жылга тапшырабыз деген планыбыз бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE