Пример HTML-страницы

Кадамжайдагы Тешик-Таштын тешигинен жылына бир жолу өтүп, дуба кылууну адатка айланткандар көп

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Кан айыл аймагындагы Тешик-Таш зыярат кылуучу жайына элдер оорулардан айыгууну жана башка тилектерин орундатууну сурап келишет.

Аталган айылдын тургуну Жанболот Досатовдун айтымында, Тешик-Таш Кан айылынын батыш-түштүгүнөн 6-7 чакырым алыстыкта, Шум айылынын 1-2 чакырым батыш жагында жайгашкан. Таштын бийиктиги 8-9 метр. Ортосунда табигый тешигинин диаметри 0,5-1 мерт чамасында.

ешикташ

Ал жерди мазар деп дагы аташат. Жергиликтүү эл ал мазарга барып, өзү муктаж болгон нерсени Алладан сурашат. Мисалы бейтаптар оорулардан айыгууну, балалуу болбой жүргөндөр балалуу болууну, күнөөлөрдөн тазаланууну сурап, ар түрдүү муктаждыктары аткарылат деп ишенип келишкен.

Жылдар бою келе жаткан мындай көрүнүш элге сиңип калган. Ошондуктан элдер тешиктен жылына бир жолу өтүп, дуба кылууну адатка айлантышкан.

тешик таш1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE