Пример HTML-страницы

Кадамжайда сел жүрүп, 2 гектар айдоо жерин каптап кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 27-май саат 16:30дар чамасында жааган жаандын кесепетинен Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүндө сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Охна сайынан сел жүрүп, Учкун, Бостон, Кара-Кечүү, Больничная, Жоо-Кесек, Коргон тилкелерине баруучу 7 бетон шакекче менен курулган көпүрөнүн айланасындагы кум-шагылдарды агызып кеткен. Сайдын 700 метр жээгин сел суулары жеп, Күлдү, Гараж жана Өндүрүш айылдарында 600 метр ички чарбалык арыктарды, Суу пайдалануучулар ассоциациясына (СПА) караштуу 50 метр сугат каналын кум-шагылга толтурган. Суу бөлүштүргүч каналды бузуп, 2 гектар айдоо жерин суу каптаган. Ал жерде тактоо иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы О.Пазылов жетектеген ыкчам топ тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE