Пример HTML-страницы

Кадамжайда былтыр 100 сомго чыккан сабиздер азыр 20 сомдон сатылып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүндө сабиз түшүмүн жыйноо башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, өткөн жылы бул аймактан 11 миң 400 тонна түшүм алынып Россияга чейин экспорттолгон. Быйыл 325 гектар аянтка сабиз айдалып, түшүмдүн алды бышууда.

«50 сотых аянтка сабиз эктим. Эрте эгилген жагында түшүм жетилип, жыйнап жатабыз. Быйыл оору болуп, сабиз жакшы болбоду. Былтыр 70-100сомго чейин саттык. Быйыл арзан. Түйшүгү оор, сууну көп талап кылат, бат-баттан отоо керек. Биздин климатка ылайык болгондуктан өстүрүп киреше табабыз. 1 сотых аянттан 2-3-4 тоннага чейин түшүм алса болот», -деди Чечме айылынын тургуну Атамбек Жолдошов.

Бирлик айыл өкмөтүнүн жер адиси Санжар Саматбай уулу быйыл баа жылдагыдан эки эсе арзан экендигин айтты.

«Сабиз 325 гектар аянтка айдалган. Былтыры ушул эле аянттан 11 миң 400 тонна түшум алынган. Быйыл да түшүм жакшы болот деп үмүт кылып турабыз. Өткөн жылы дыйкандар жайынан 50-55 сомдон тапшырышкан. Базарда 100 сомго сейин сатылган. Түшүм бышып турган учурда күнүнө 2 фурадан Россияга экспорттолуп жаткан. Азыр баасы 20 сомдон», — деди ал.

Бирлик айыл өмөтүндө жалпы 1532 гектар айдоо аянты болсо, анын 335 гектарын сабиз талаасы түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE