Пример HTML-страницы

Кадамжайда үй өрттөнүп, 600 литр май, 200 кг шекер жана 35 миң сомдук чай күйүп кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 25-июнь күнү Кадамжай районунун Миң-Чынар айылында үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, З.К. аттуу жаранга таандык 3 бөлмөлүү үйдө (времянка) өрт чыгып, анын аянты 96 чарчы метрге чейин жеткен. Жалын саат 16:00дө толугу менен өчүрүлдү. Тилекке каршы, үйдүн 1 бөлмөсү жана верендасы, үй ээсинин документтери менен кошо 2 даана килем, эшик жана 4 даана терезе, 80 даана шифер, 600 литр өсүмдүк майы, 200 кг шекер жана 35 000 сомдук кара чай күйүп кетти. Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE