Пример HTML-страницы

Көлдүк айыл аймагында алгачкы жолу бала бакча ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 17-августта Ош облусунун Өзгөн районунун Көлдүк айыл аймагындагы Шамалды-Терек айылында жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Раимберди Курманкулов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин айыл аймакта бир дагы бала бакча болгон эмес. Жаңы бала бакча 50 орунга ылайыкталып, чет өлкөлүк инвесторлор тарабынан курулду. Бала бакчага «Токтайым эне» деген аталыш берилди.

«Үч тайпа менен 50 бала кабыл алынып, жалпы 11 кызматкер эмгектенет. Балдар үчүн шарттар түзүлдү. Ашкана, даараткана, балдар уктоочу бөлмөлөр бар», — деди Курманкулов.

Көлдүк айыл аймагынын курамына Шамалды-Терек жана Чалк-Өйдө айылдары кирет. Акыркы каттоо боюнча, айыл аймакта 5 миң 362 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE