Пример HTML-страницы

Ич өткөк оорусун кантип алдын алуу керек?

Акыркы жанылыктар

TurmushБалдар арасындагы ич өткөк оорусу ар кандай убакытта кездешет. Ат-Башы районундагы балдар дарыгери Шакен Мамбеткадырова балдардын ич өткөк оорусунун келип чыгуу себеби, оорунун белгилери, аны алдын алуу жана дарылоо боюнча маалымат берди.

«Азыр күз мезгилинде балдардын ич өткөк оорусу көп болуп жатат. Себеби чымын аябай көбөйдү. Гигиена туура сакталбайт, дааратканалар ачык, ичи дезинфекцияланбайт. Анан ал жерге барган чымындар үйгө инфекция ташыйт. Ошол эле тамак-ашка конот, үй-бүлө мүчөлөрү колдорун жуубай коет. Ошондон улам ич өткөк оорусу көп.

Ич өткөк оорусунда бала кусуп баштайт, өңү кубарып, дене табы түшөт. Суу аралаш заңдайт. Күчөгөндө кан аралашат. Аз-аздан ириң аралаш заңдайт. Баланын эриндери, тили кургап суусайт. Терилери бырышып дагы кетет. Бул учурда балага көп суюктук берүү керек. Энелердин дагы бир кемчилиги шекер салып, чай бере беришет. Ал шекер салынган чай ич өткөктү күчөтөт. Туздуу суюктук берсе, бат токтойт. 1 литр сууга 1 чоң кашык шекер, 1 кашык туз, 1 кашык соода салып ичирсе жакшы. Негизи балага туздуу суу берген жакшы болот. Сууну жетиштүү ичкен балага капельница коюунун кереги жок. Ал эми антибиотикти дарыгердин көзөмөлү менен берүү керек.

Эгер баланын көзү чүңүрөйүп, териси бырышып, чыргоолонуп ыйласа, сөзсүз ооруканага жатып дарыланышы керек. Баланын дене табы түшпөсө дагы жаткырып дарылоо керек.

Балага майлуу, таттуу бербей, сүттү азайтуу кажет. Сүттүн ордуна айран берген жакшы болот», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE