Пример HTML-страницы

Гүлжамал күйөөсү күтүүсүздөн каза болгондон кийин эмнеге туш болгон айтып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн районуна караштуу Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн Шоро-Башат айылынын тургуну Гүлжамал Сатыбалдыева 4 жылдан бери үй маселесин чече албай келет.

Анын жолдошу 2018-жылы август айында каза болгон. Жубайлардын ортосунда 1-топтогу майыптыгы бар баласы бар.

«Күйөөмдүн каза болгонуна 4 жыл болду. Ал кыйналып жүргөндө эч кимиси келген эмес. Ал каза болгондон бери эжесинин кызы биздин үйдү талашып келет. Документтер жоголду деген шылтоо менен өзү документ жасатып алган. Биз 3 жылдан бери сотторго кайрылып келебиз. Бирок майнап чыккан жок. Ош шаарына чейин келдим», — дейт Сатыбалдиева.

Ал кошумчалагандай, кайнежесинин кызы «үйдүн документи жоголду» деп арыз жазып, аны менен кошо бир нече адамдар үй ээсинин кара кагазын (Гүлжамал Сатыбалдыеванын күйөөсүнүн өлгөндүгү тууралуу документ) алып чыгып кетип, 2018-жылы жасалган документти жараксыз кылган.

2020-жылы кайнежесинин кызы өзүнүн атына көчүрмө жасатып, үйдү кайра тагасына 1 млн 700 миң сомго сатып жиберген деген документи бар. Алар үйдү тартып алуу үчүн атайын адвокат жалдап алып, үйүнө чейин бастырып барышкан. Анын кесепетинен үйдү, айнектерди талкалап, жашоого мүмкүнчүлүк болбой калган.

«Биз ал үйгө барсак, баары бастырып барып алыптыр. Эркектер толуп алыптыр. Адвокатымын деген адам ошол жерде жүрөт. Апам ачууланып, аларга кыйкырып кубалаганда, ошолор менен келген бир бала апамды түртүп, кранга башы тийди. Анын кесепетинен эсин жоготкон. Бизден үйдү алыш үчүн ушуга чейин барып жатышат», — деди Сатыбалдиева.

Ал буга чейин тийиштүү органдарга гана эмес, президентке чейин кайрылуу жасаганын белгиледи.

2019-жылы Ош шаарына келип, жактоочулардын бирине кайрылышканын билдирди.

«Ошко келсек, жактоочу: «200 миң сом бергиле, үйдү силердин атыңарга өткөрүп берем» деп сөз берди. Анан кайра «азыр 150 миң сом, анан үй силердин атыңарга өткөндө 50 миң сом берсеңер болот» деген. Биз ишенип бергенбиз. Ошол күндөн баштап бир да жолу сотко келген жок. Бизге жардам берген жок», — деди Сатыбалдиева.

Учурда үйдүн мамлекеттик актысы Сатыбалдиеванын кайненесинин атында. Кайненеси мындан 18 жыл мурун каза болгон. Жолдошу тирүү кезинде үйдү баласына мурас катары өткөрүп берүүнү каалаган. Бирок боор оорусунун айынан ал күтүүсүздөн каза болуп калган. Азыр Гүлжамал үйдү өзүнүн атына өткөрө албай келет. Анткени колундагы документи «жоголду» деп жокко чыгарылганы үчүн өткөрө албайт. 2020-жылы кайнежесинин кызы жасаткан көчүрмөнү жокко чыгарганда гана үйдү өзүнүн атына өткөрө аларын айтууда.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Гүлжамал Сатыбалдиева Өзгөн райондук сотуна доо-арыз менен кайрылган. Анда ал мураска берилген күбөлүктү жана сатуу, сатып алуу келишимин жокко чыгаруу жөнүндө жазган.

«Доо-арыз менен кайрылган Гүлжамал Сатыбалдиеванын ишенимдүү өкүлү деп көрсөтүлгөн Жусупалиев доо-арызды карабастан кайтаруу жөнүндө Өзгөн райондук сотуна кайрадан өтүнүч келтирген. 25-февралда сот доо-арыз кароосуздан кайтарылып берилсин деген аныктама чыгарган», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE