Пример HTML-страницы

Москвада өлтүрүлгөн кара-кулжалык таксист жерге берилди. Артында 4 баласы калды

Акыркы жанылыктар

TurmushРоссиянын Москва шаарында өлтүрүлгөн кыргыз жараны Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн тургуну болгон. Бул маалыматты Turmush басылмасына айыл өкмөт башчысы Ысак Темирбаев тастыктады.

Анын айтымында, маркум — 1972-жылы туулган Б.У.У. көп жылдан бери Москвада эмгектенип жүргөн.

Жашоочулардын айтымында, маркум таксист болуп иштеп жүргөн учурда кардары тарабынан кол салуу болгон. Анын кесепетинен маркумдун моюнуна бычак сайылган. Бүгүн, 24-ноябрда туулуп-өскөн айылында сөөгү жерге берилди. Анын артында 4 баласы калды.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги Россиянын укук коргоо органдары кылмышка шектүү адамды кармаганын билдирген. Бул факт боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул окуя элчиликтин көзөмөлүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE