Пример HTML-страницы

Маркум Гүлжигит менен алмаштырып… Жумгалдын кулуну Адилеттен кабар алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун акими Жамшит Матанбаев тажик тараптан куралдуу кол салуу учурунда жаракат алган Чаек айылынын кулуну Адилет Санарбек уулунан кабар алды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Район жетекчиси Адилет Санарбек уулуна бекем ден соолук каалап, Адилеттей мекенчил, патриот жаштар кийинки муунга үлгү болот деген ишеничин билдирди. Ошондой эле дары-дармек жана башка муктаждыктарына 50 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөттү.

Буга чейин социалдык тармактарда кыргыз аскерлерин чыгып кетсин деп, тажик аскерлерин жана белгисиз адамдарды алаксытып, тажик аскерлерине колго түшүп берген кыргыз аскеринин видеосу тараган. УКМКнын Чек ара кызматынан тастыкташкандай, ал Гүлжигит Бектенов эмес, 27 жаштагы Санарбек уулу Адилет экени такталган. Санарбек уулу Адилетти тажик тарап барымтага алып, 19-сентябрда Кыргызстанга өткөрүп берген.

Адилет Санарбек уулу азыркы учурда Бишкек шаарында ооруканада, абалы жакшы. Жумгал районунун Чаек айылынын туулганы менен көп жылдардан бери Бишкек шаарында жашап, Баткендеги чек ара заставаларында эмгек кылчу.

—————————————

24-сентябрда Чек ара кызматынын аскер кызматкери, прапорщик Санарбек уулу Адилет журналисттерге 16-сентябрдагы «Достук» чек ара заставасында болгон окуя тууралуу айтып берген болчу.

Анын айтымында, 16-сентябрда таңкы саат 7де «Достук» чек ара заставасына күтүүсүздөн тажик тараптан кол салуу болгон. Ал заставада калып, прапорщик Жолборс уулуна ок-дарыларды өздүк курамга жеткирүүгө жардам берген.

Чабуулдан 20 мүнөт өткөндөн кийин ага сержант чуркап келип, жарадар болгондорго жардам керек экенин айткан. Анарбек уулунун айтымында, сержант андан жаш болгондуктан, өзү жарадар жоокер жаткан заставанын дарбазасынан чуркап чыккан.

«Жарадар болгон жоокерге биринчи тез жардамды майор Шаршен көргөзүп жатыптыр. Аны көрөрүм менен эле чуркап бардым. Жардам бергенге аракет кылдым. Бутунан жарадар болгон экен. Курубузду бутуна байлап койдук. Заставанын фельдшерин чакырдык. Ал жардам көрсөтүп, кан көп жоготконун айтты. Ошол замат заставада ок атышуу күчөп кетти. Топтук куралдар, минометтор көп түшүп баштады. Андан соң, «Нива» кызматтык унаасын айдап келдим. Үчөөбүз жарадар болгон Сегизбаевди салып, Баткендеги облустук ооруканага алып бардык. Аны таштап кайттык. Жолдо келе жатканда тез жардам унаасы токтоп турганын көрдүк. «Нивадан» түшүп, тез жардам унаасын айдадым. Ошондо ок атышуу дагы күчөдү. Бир да ок тийбеди. Заставада да бир жарадар бар эле. Аны алып чыгуу үчүн тез жардам унаасын айдап келгенбиз. Жарадарды алып чыгып кетели деп, такыр чыга алган жокпуз. Тажиктер бардык тараптан аткылады. Ал жерде көпкө туруп калдык.

Андан соң, сыртка чуркап чыктым. Бир «КАМАЗдын» жанында жатып, тажик аскерлери бизге жакындап калганын көрдүм. 2-3 метр менден алыста аскер бар эле. Артка жылганда эле башыма, андан кийин далыма уранды тийди. Бираз өзүмдү жоготуп, жашынганга аракет кылдым. Качып, унаа токтотуучу жайга өтүп бара жатканда алар мени көрүп калышты. Мага карап токтобостон аткылап башташты. Заставанын дарбазасы менен тумбанын ортосуна чуркап кирдим. 15 мүнөттөй тынбай атышты. Такыр чыга албай калдым. Бир маалда заставада камаз жарылып, күйүп кетти. Бардык жакты түтүн каптаганда жашынып, заставанын сыртына чыктым. Айылдын кире беришине да тажиктер басып кириптир. Чуркап барып жаны заставадан чыгып, эски заставаны көздөй чуркап бара жатып, 50-60 метр аралыкта тажиктерди көрдүм. Болжол менен 15 тажик. Алар мага аскер кызматкериндей көрүнбөдү. Ынгайлуу жер табыш учун чуркап бара жатканда мени көрүп калып, аткылашты. Үйүлгөн топуракка жашынып, автомат бурганда белиме уранды тийди. 1,5-2 метрдей ыргып кеттим. Колумдан автомат чыгып, күчүмдү жоготтум .

Ошол маалда заставада 6-7 адам калган. Мени кармап кетип, заставага кирбей балдар аман калса, деп ойлодум. Айлам калбаганда өйдө туруп, кол жаңсап түшүндүргөнгө аракет кылдым. Алар мага келип, колумдан кармап алып кетти. Айылдын башындагы үйүлүп турган тажиктерге алып барды. Колумду кайрып, башыма кап кийгизип, ак «Портерге» жүктөп алып кетишти. Жараатымды көрүп ич ара «больница» деп сүйлөшүп жатышты. Андан соң, ооруканага алып барышты. Ошол жактан кан көп кетип, эсимди жоготтум. Мага операция жасалып, 3 күн жаттым. 19-сентябрда куткарып алышты. Баткенде 1 күн, Ошто 1 күн жаттык. Бишкекке которулганыбызга эки күн болду. Ден соолугум канааттандырарлык», — деген ал.

Буга чейин интернет тармагына кыргыз аскери колун көтөрүп, тажиктерди көздөй бара жаткан видео тараган. Айрым маалыматтарда ал аскер Гүлжигит Бектенов экендиги айтылган. Бул тууралуу Санарбек уулу Адилеттен сурагандарга ал төмөнкүдөй жооп берди:

«Видеодо бул — мен. Аны алмаштырып чыгарып алышыптыр. Аны мен чыккандан кийин көрдүм. Гүлжигит тууралуу билбейм, бирок видеодо менмин», — деди Санарбек уулу Адилет.

——————————————

Акыркы маалыматтар боюнча, чек арадагы куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 62 адамга жетти, алардын арасында жаш балдар да бар. Жабыркагандардын жалпы саны — 198 адам. Алардын көпчүлүгү Бишкек, Ош шаарындагы ооруканаларга жеткирилди.

      • Каза болгон жарандардын алдын ала тизмеси бул шилтемеде.

14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптан ок атылып баштаган. 17-сентябрга чейин абал чыңалган деп бааланды. Тажик тарап чек ара тилкелеринде ок атышууларды токтотуу тууралуу макулдашууларга карабай, ок атууну токтоткон эмес.

Баткен облусунда 136 миң 770 адам үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга эвакуация болууга мажбур болушту.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап оор техникаларды — танк, «БТР», «БМП» жана минометторду колдонгонун билдирген.

«Кыргызстандын аймагына болгон куралдуу кол салууга сакалчан, кайсы бир аскердик бөлүккө таандык белгиси жок, кара түстөгү аскердик кийим кийген, сыртынан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөсүндөй (жалданма жан кечти) көрүнгөн эркек кишилер аралашты», — деп айтылган УКМКнын маалыматында.

Тажикстан Баткен облусуна гана эмес, Ош облусуна да кол салды.

18-сентябрда гана абал турукташты.

Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун инфратүзүмү талкаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE