Пример HTML-страницы

Кара-Балтада жоголгон окуучу Абдурашит дагы деле табыла элек. Адам уурдоо боюнча кылмыш иши козголду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүйдө бир айдан бери изделип жаткан Абдурашит Кошоев боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин негизинде (адам уурдоо) кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2011-жылы туулган Абдурашит Кошоев дайынсыз болуп жаткандыктан, издөө иштерин тереңдетүү максатында кылмыш иши козголгон.

Абдурашит Кошоев 6-класстын окуучусу, Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарындагы мектептердин биринде билим алат.

«Ушул жылдын 25-октябрында сабактан келип, ойногону көчөгө чыгып кеткен. Ошол бойдон кайрылып келген жок. Мурда минтип жоголуп кетчү эмес. Бир жерге чыкса дагы суранып кетчү. Жолдошум Москвада иштеп жаткан. Ал дагы издегени келди.

Уулум ошол күнү кара гөлөш, кара шым, көк куртка кийип жүргөн. Акыл-эси ордунда, ден соолугу таза. 4 бир туугандын улуусу», — деген апасы Махмурат Намадияр кызы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE