Пример HTML-страницы

Чүйдөгү тургундардын бири 405 миң сомго алдап кетишкендигин айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунда жайгашкан шаарлардын бирине салынып жаткан жаӊы бала бакчанын эмеректерине деген 405 миӊ сомду алдап кетишти. Бул тууралуу жабырлануучулардын бири Аскат Молдогазиев билдирди.

«Демөөрчүлөр тарабынан бала бакча салынып жаткан. Ага ушул жылдын февраль айынын орто ченинде балдар үчүн эмеректерди жасатууга буюртма бергенбиз. Жалпы суммасы 762 миң сомду түзгөн. Эмерек жасаган балдарды Lalafo тиркемесинен тапканбыз. Алар алдын ала 405 миӊ сом, материалдар үчүн сурашкан. Биз келишим түзгөндөн кийин эле акчаны которгонбуз. Алар 2 аптадан кийин эмеректерди жасап, алып келип беришмек. Бирок бир ай өттү. Акыры алар ушундай уюшкан алдамчылар экени билинди.

Биз бул боюнча Ленин РИИБге, ушул эле райондун прокуратурасына арыз жазганбыз. Бирок тергөө иши ордунан жылган жок.

Элге аятарым, азыр бардык жерде алдамчы, шылуундар көбөйүптүр. Бир нерсе буюртма бергенде өтө тыкыр текшерип, анан келишим түзгүлө», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE