Пример HTML-страницы

Эки өлкөнүн район акимдери жолугушту

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 11-февралда Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон делегация Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Тумба аймагында Тажик Республикасынын Исфара районунун төрагасы Баховадин Баходурзода жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууга эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, райондук суу чарба башкармалыгынын жана башка тиешелүү жетекчилер катышты.

Жолугушууда чек ара, укуктук тартип, сугат суу, жаз мезгилинин келишине карата арыктарды тазалоо иштерин макулдашуу менен жүргүзүү, чарба иштери жана башка күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Мындан сырткары эки элди түрдүү провокациялык чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары сүйлөшүлдү.

Ошондой эле эки тараптуу жолугушуунун алкагында тараптар жазгы талаа жана жазгы вегетациялык жумуштарын ийгиликтүү, тынч өткөрүү максатында суу чарба жана башка тиешүүлүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган атайын жумушчу топ түзүлүп, бекитилген иш мерчемдин алкагында иштөө жана макулдашылбаган мыйзамсыз курулуштар, көчөт отургузуу фактыларын болтурбоо, факт катталса баштапкы абалына келтирүү жактарын макулдашышты.

Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында келерки аптада суу чарба кызматкерлери макулдашуунун негизинде акимдерге сунуш берип, бирдиктүү иш мерчемдер макулдашыла турган болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE