Пример HTML-страницы

«Достук» өткөрмө бекетиндеги жүргүнчүлөрдүн узун кезеги. Чек ара кызматынын түшүндүрмөсү

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 23-апрелде саат 20:30га карата «Достук — унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү жайында Кыргыз Республикасынын аймагынан Өзбекстан Республикасына кирүүгө 200гө жакын жарандын тыгыны байкалды. Көзөмөл-өткөрүү жайы штаттык режимде иштеп жатканын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул көзөмөл өткөрүү жайында жарандардын (жүргүнчүлөрдүн) көбөйүшү циклдик (айрым убактарда кайталанып турган) мүнөзгө ээ жана дем алыш жана базар күндөрүндө (Кара-Суу базарында дүң соода күндөрү) катталган. Мындан сырткары көзөмөл өткөрүү жайында курулуш иштери жүрүп жаткандыктан учурда чек арадан жүк менен өткөндөр жана жүксүз жарандар үчүн өзүнчө коридор каралган эмес.

«Достук — унаа жолу» көзөмөл өткөрүү жайында жарандардын (жүргүнчүлөрдүн) тыгынын азайтуу максатында өздүк курам көбөйтүлүп, бардык паспорт көзөмөл кабиналары иштеп жатат. 23-апрелде аталган көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу 10 миңден ашуун адам чек арадан өттү. Көзөмөл өткөрүү жайынын аймагында мыйзам бузуулар катталган жок. Көзөмөл өткөрүү жайына кире беришиндеги тартипти укук коргоо органдарынын кызматкерлери камсыздайт.

Саат 21.30га карата жарандардын (жүргүнчүлөрдүн) тыгыны байкалган жок. Паспорттук текшерүүдөн өтүү үчүн кезекте турган бардык жарандар өткөрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE