Пример HTML-страницы

Дене тарбиячы Гүлжигит Мадаев Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды (өмүр баяны)

Акыркы жанылыктар

TurmushАлай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Гүлжигит Мадаев дайындалды. Бул тууралуу 18-ноябрда буйрук чыккан.

Алай райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, буга чейин Гүлжигит Мадаев кадрлар резервинде болгон.

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүн жетектеп келген Залкарбек Каримов кечээ, 18-декабрда Өзгөн шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мадаев Гүлжигит Мурзамидинович 1984-жылы 9-январда Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылында туулган. Үй-бүлөлүү 3 баланын атасы.

Билими:

— 2008-жылы Ош мамлекеттик университетинин дене тарбия багыты боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

— 2008-2010-жылдары Кабылан-Көл интернет клубунда оператор;

— 2013-2019-жылдары Кабылан-Көл айылынын №25 Э.Мурзаев атындагы орто мектебинде мугалим;

— 2015-2019-жылдары Кабылан-Көл айылдык кеңешинин депутаты;

— 2019-жылдын 1-июлунда Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE