Пример HTML-страницы

Чоң-Алайда волейбол боюнча мелдешке 17 мектептин окуучулары катышты. Жеңүүчүлөр сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 5-мартта Чоң-Алай районунун борборундагы спорт комплексте волейбол боюнча жаштар арасында мелдеш өткөрүлдү.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, спорттук иш-чарага Чоң-Алай районунда жайгашкан 17 мектептин окуучулары катышты. Мелдеш Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмү тарабынан жаштарды терс адаттардан арылтуу, сергек жашоого үндөө максатында уюштурулду.

Жеңүүчүлөр:

— 1-орун — А.Мурзакулов» атындагы орто мектеби, райондук ички иштер бөлүмүнүн 1-даражадагы диплому, кубогу жана баалуу белектер менен сыйланды;

— 2-орун — А.Саит атындагы инновациялык орто мектеби, райондук ички иштер бөлүмүнүн 2-даражадагы диплому жана баалуу белектер менен сыйланды;

— 3-орун — З.Каримбеков атындагы орто мектеби, райондук ички иштер бөлүмүнүн 3-даражадагы диплому жана баалуу белектер менен сыйланды;

— 4-орун — Кыргызстан орто мектеби, райондук ички иштер бөлүмүнүн 4-даражадагы диплому жана баалуу белектер менен сыйланды.

Ал эми кыздар арасында 16 команда күч сынашты.

Жеңүүчүлөр:

— 1-орун — Ленин атындагы орто мектеби, райондук ички иштер бөлүмүнүн 1-даражадагы диплому жана баалуу белектер менен сыйланды;

— 2-орун — Ташбек уулу Гапар атындагы орто мектеби, райондук ички иштер бөлүмүнүн 2-даражадагы диплому жана баалуу белектер менен сыйланды;

— 3-орун — З.Каримбеков атындагы орто мектеби, 3-даражадагы диплом жана баалуу белектер менен сыйланды;

— 4-орун — С.Осмонов атындагы орто мектеби, 4-даражадагы диплом жана баалуу белектер менен сыйланды.

Андан сырткары «Мыкты чабуулчу», «Мыкты коргоочу» наминацияларынын ээлери тандалып алынып, райондук ички иштер бөлүмүнүн дипломдору менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE