Пример HTML-страницы

«Чоң-Алай көмүр» ишканасынын директору соцтармакка тараган каралоо боюнча жооп берди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 7-мартта АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында «Чоң-Алай көмүр» мамлекеттик ишканасынын директору, кызматкерлери, жергиликтүү тургундар ишкана боюнча социалдык тармактарга тараган каралоолорго жооп беришти.

Алардын айтымында, «көмүр карьердин жетекчилиги 100 миң тонна көмүр казып алып, 98 миң тоннасы жок» деген өңүттөгү маалымат социалдык тармактарга тараган. Бирок каралоо кылган блогер бир тараптуу маалыматтарды тараткан жана көмүр карьердин жетекчилигинин үнүн уккан эмес.

Аталган көмүр карьердин директору Салайдин Бакиров аргасыздан президентке кайрылууга туура келгендигин билдирди.

«Азыр соцтармактарда «Чоң-Алай көмүр» мамлекеттик ишканасын каралоо иштери жүрүп жатат. Буга чейин Чоң-Алайда эки жеке менчик компаниялар иштеп келген. Алар өздөрүнүн координаттарындагы көмүрлөрдү казбастан, башка жактарды да казганы үчүн укук коргоо органдары тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат. Кийин урматтуу президент, элдин талабын угуп, көмүр казуу иштерин мамлекеттик ишканага өткөрүп бергенсиз. Бул маселе боюнча эл сиздерге ыраазы болууда. Бирок ошого карабай, мурда көмүр казган ишканалар 500 миң сомдон ашыгыраак акчаны мамлекетке төлөп, аз көмүр казылды деген таризде башка акча төлөшкөн эмес. 2022-жылдын июнь айында лицензия алып, жумуш баштаганбыз. Ошол мезгилден бүгүнкү күнгө чейин элибизди аз да болсо көмүр менен камсыз кылдык. Тактап айта турган болсок, элге 2 сом 50 тыйындан, мамлекеттик ишканаларга 3 сомдон саттык. Ал эми майда көмүрдү башка жакка 1 сом 90 тыйындан саттык. Бирок соцтармактарда каралоо жүрүп, «100 миң тонна көмүр казгансыңар» деп айыптап жатышат. Бул боюнча укук коргоо органдарына да кайрылганбыз. Ошону менен токтобой мамлекеттик ишкананы каралап жатышат.

Соцтармактарда көрсөтүлгөн техникалар өздөрүнүн техниклары болгон. Бирок биздин ишкананын техникасы деп айтышкан. Чынында биздин техникаларга өзүбүздүн эмблемаларыбыз басылган. Президентке кайрылып жатканыбыздын себеби, ушундай блогерлерге, бир тараптуу маалымат таратып жаткандарга мыйзамдын негизинде чара колдонуп бериңиз деп суранып жатабыз», — деди Бакиров.

Ошондой эле маалымат жыйынга келгендер мамлекеттик болуп түзүлгөн көмүр ишканасы 28 адамды жумуш менен камсыз кылып, бир жылда 14 млн сом пайда тапканын кошумчалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE