Пример HTML-страницы

Чек арадагы Чоң-Талаа айылында 82 млн сомдук мектептин курулушу бүткөрүлүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Баткен районундагы Чоң-Талаа орто мектебинин бир корпусун 2020-жылы өрт каптаган. Калыбына келтирилгенден кийин 2021-жылы чек ара кагылышуусунда кайрадан талкаланган.

Мектептин жаңы имараты 225 орундуу болуп, курулушу 70-80 пайызга аяктап калды.

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Сейит Эркебаевдин айтымында, жаңы мектеп ноябрь айынын орто ченинде пайдаланууга берилет.

«Жалпы долбоордук баасы 82 млн сомдун тегерегинде болгон мектептин курулушун «АМИН» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүп жатат. Аталган мектеп 2020-жылы өрт кырсыгына кабылып, кайрадан жеңил конструкция менен калыбына келтирилип, окуучулар билим алып жатышкан. 2021-жылдагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуусунда кайрадан талкаланып, жарактан чыгып калган. Буюрса, жаңы мектепти ушул жылдын 10-ноябрында пайдаланууга беребиз», — деди ал.

  • Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «АМИН» ЖЧКсынын жетекчиси жана негиздөөчүсү болуп Садыков Абдисатар Сайталиевич көрсөтүлгөн. Негизги ишмердүүлүгү турак жана турак эмес имараттарды куруу болуп саналат. Компания 2015-жылдын 10-январында каттоодон өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE