Пример HTML-страницы

Чүй облусунда күйүүчү-майлоочу майларды сатуучу стихиялык пункттардын ээлерине айып салынды. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусу боюнча бир айдын ичинде мыйзамсыз сатылган 4 тоннага чукул күйүүчү-майлоочу май алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖКККБнын кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатууга каршы рейддик иш-чараларды жүргүзүп жатат.

1-марттан 1-апрелге чейин облус боюнча 3 тонна 925 литр күйүүчү май алынып, Укук бузуулар кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүмү (жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан, соода түйүндөрүн, тамактануу пункттарын, сервистерди же жарнама такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү куруу же уюштуруу) боюнча жалпы 149 000 сом айып пул салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE