Пример HTML-страницы

Быйыл ажылык сапарга барып келгендерге 140 доллардан кайтарылып берилди

Акыркы жанылыктар

Turmush2023-жылы Кыргызстандан ажылык сапарга барып келген жарандарга ашып калган акчасы кайтарылып берилди.

Ош облустук казыяты тастыктаган маалымат боюнча, кыргызстандыктар үчүн быйылкы ажылык сапардын наркы 3900 доллар болуп бекитилген. Каражаттын бир бөлүгү ашып калган. Аны ажылык сапарга барып келгендерге бөлгөндө 140 доллардан тийип, таратылып берилди.

  • Буга чейин социалдык тармакка ажылып сапарга барып келгендерге ашып калган акча кайтаралып бергени тууралуу маалымат тараган.

Муфтияттын маалыматы боюнча, быйыл жалпы 10 каттам аткарылды. Алардын ичинен 7 каттам «Ош» эл аралык аэропортунан чыкты. Акыркы топ 21-июнда учуп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE