Пример HTML-страницы

Буудайдан мол түшүм алууну көздөгөн ноокаттык дыйкандардын тилегин таш капты (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районунда Айыл чарба министрлиги дыйкандарга насыяга берген буудайдын уруктары 15 сантиметрге чейин көтөрүлүп, кайра өспөй калды. Бул тууралуу аталган районго караштуу Ынтымак айыл өкмөтүнүн тургуну Мырзакул Исаков билдирди.

Анын айтымында, бул урукту министрлик Россиядан алып келген. Дыйкандар буудайдын уругун Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн сунушунун негизинде «Айыл банк» аркылуу насыяга алышкан.

«Россиядан алынып келген уруктун өсүмү жок болуп жатат. Эмнеге мындай болууда? Айыл чарба министрлиги чара көрсүн. Бул урукту Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмү сунуштаган. «Айыл банк» аркылуу келишимдин негизинде 40 пайызын төлөп, калганын насыяга алганбыз. Килограммын 50 сомдон алып, 150 кг айдагам. Азыркы учурда чым катарында болуп турат. Россиядан элита сортундагы урук алынып келген. Азыркы учурда бул маселе менде эле эмес, бүтүндөй Кыргызстандагы дыйкандарда болуп жатат», — деди Исаков.

Жергиликтүү дыйкандар тиешелүү бийлик өкүлдөрүнөн келтирилген чыгымдардын ордун толуктап берүүнү талап кылышууда. Мырзакул Исаковдун айтымында, быйыл ноокаттык дыйкандардын көпчүлүгү түшүмсүз калды.

«Бул боюнча тиешелүү жерлерге кайрылабыз. Мен сураштырсам, Ноокат районунда бүт ушундай экен. Район боюнча канча гектарга буудай айдалганын эсептейбиз. Бизге ушул буудай боюнча экспертиза дайындалсын. Чыгымдарды төлөп беришсин. Буудай аркылуу жан багабыз. Тиешелүү адамдар жооп беришин каалайбыз», — деди ал.

Дыйкандар Россиядан алынып келген уруктун түшүмдүүлүгү жакшы болсун деген максатта суулуу жерлерге айдашкан. Бирок бүгүнү күндө алар бул тилегин таш капканын айтышты. Буудай эрте жазда — апрель айынын башында айдалган. Бирок өнүп чыгып, 15 см өскөн соң өсүүсү токтоп калган. Ал эми жергиликтүү буудайдын уругун сепкен дыйкандардын буудайы алда канча жакшы өсүп, баш алган.

Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Мухаммед Турдиев дыйкандарга насыя менен Россиянын буудай уруктары берилбегендигин, бирок бул маселе боюнча иштер жүрөрүн айтты.

«Россиядан келген уруктардын технологиясы ар түрдүү болот. Мисалы, «Айыл банк» аркылуу насыяга берилген түрү, анан Суу пайдалануучулар ассоциациясын колдоо бөлүмү тарабынан алынып келген түрү бар. Ал эми Россиядан насыя аркылуу буудай үрөнү алынып келген эмес, арпа алынып келген. Арпанын үрөнү жакшы болду. Дыйкандар айтып жаткан үрөндү Суу пайдалануучулар ассоциациясын колдоо бөлүмү алып келген. Бул боюнча бизге дыйкандар кайрылды. Эртең карап көрөбүз, ошого жараша маалымат беребиз», — деди Турдиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE