Пример HTML-страницы

«Бошот, бошот…»: Суусамырда куткаруучулардын көз алдында «кайым» болгон депутат. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө 42 жаштагы Бакир Исаков жылкысын куткарам деп, сууга агып кеткен бойдон табыла элек. Бул тууралуу бир тууган карындашы Назима Исакова билдирди.

Анын айтымында, агасы 11-майда болжол менен саат 09:00-10:00 чамасында ӨКМ кызматкерлеринин көзүнчө агып кеткен.

  • Исаков Бакир Шарапатинович Панфилов районунун Вознесенов айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган болчу.

«Бир жылкы суунун ортосундагы аралчага барып, ошол жерге туруп алыптыр. Аны куткаруу үчүн агам куткаруучуларды чакырыптыр. Алар жол кырсыктары боюнча куткаруучулар экенин, сууга кире албастыгын айтышкан экен. Бирок, агам бир айылдан кайык алып келип, бир куткаруучу экөө ага түшүшкөн экен. Анан кайык оодарылып кетип, берки куткаруучуну жээктеги куткаруучулар алып калып, агам ары көздөй агып кетиптир. Ошондон бери 3 күн өттү. Дайынсыз болуп жатат. Куткаруучулар жакшы издешпей жатат. Бизге 10 куткаруучу келди деп айтышты. Бирок, биз 3-4 кишини гана көрүп жатабыз. Унаа менен суу жээктеп, ары-бери эле айдап жүрүшөт дешти. Туугандарыбыз, айыл тургундары, досторубуз баары чыгып издеп, чарчап бүтүштү. Бизге жаӊы күч керек. Дагы куткаруучулар керек», — деди ал.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE