Пример HTML-страницы

Болот Айбалиев Түп районунда социалдык фонддун жетекчиси болуп дайындалды

TurmushТүп районунда социалдык фонддун жетекчиси болуп Болот Айбалиев дайындалды. Бул боюнча буйрук 2023-жылдын 16-февралда кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 69-беренесине ылайык, Болот Айбалиев Каракол шаардык социалдык фонд башкармалыгынын жетекчилигинен бошотулуп, Түп районунда социалдык фонддун жетекчиси кызмат ордуна штаттык тизмеге дайындоого төрага Б.Алиев кол койгон.

Айбалиев Болот Касенович 1978-жылы 25-декабрда Түп районунун Шаты айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин экономика жана менеджмент факультетин аяктаган. Кесиби боюнча менеджер.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE