Пример HTML-страницы

Бишкектин жанындагы көлмөдөгү балыктардын өзгөчө жүрүм-турумуна күбө болушту

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек шаарына жакын жайгашкан суу сактагычтардын биринде жергиликтүү тургун балыктардын адаттан тыш жүрүм-турумуна күбө болду.

«Кичинекей балыктар — карась, карп, плотва, көлмөнүн эки жерине чогулуп, ошол жерде айланып жүрүштү. Балыктын мындай жүрүм-туруму адаттан тыш көрүндү», — деди окуянын күбөсү.

Балык өстүргөн фермер Александр Супрун балыктын мындай жүрүм-туруму балыктын активдүү тамактануусунан улам болсо керек деп билдирди.

«Балким, суу сактагыч азык-түлүккө бай эмес, анда балык көп, анан сууга бир нерсе түшүп кеткендир. Ошондон улам балыктар бир жерде дүрбөлөңгө түшкөн. Бул ижарачы ыргыткан жем болушу мүмкүн. Өлгөн чоң балыктар же көлмөгө түшкөн башка органикалык заттар да майда балыктарга тамак боло алат. Балыктын тамактанып жатканын кыймыл-аракетинен билсе болот», — дейт А.Супрун.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE