Пример HTML-страницы

Бишкектен Ысык-Көлгө көчүп келген Ажара Курманалиева жаңы ишти колго алды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылынын 31 жаштагы тургуну Ажара Курманалиева жолдошу менен дыйканчылык менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Өзүм Токмок шаарынын кызымын, жолдошум Азамат Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылынан болот. Учурда жолдошумдун кичи мекенинде жашап жатабыз. Бишкек шаарынан көчүп келгенибизге үчүнчү жылдын жүзү болуп бара жатат.

Жолдошум төрт жогорку окуу жайын аяктаган, жалпы 4 диплому бар. Испанияга барып, (PhD) докторантурага окуп келген. А мен медайымдын эле окуусун бүтүргөм.

Биздин бир досубуз Бишкектин кыйын агроному. Ал бизге көп жылдан бери мөмө-жемиштер менен иштегиле деп айта берчү. Биз анча чыгынбай жүрүп, коронавирус пандемиясынан кийин айылга келип, иш алып бара баштадык.

Учурда багбандардын катарын толуктап, жер иштетүү менен алектенебиз. Айыл жергесине бул мөмө-жемиштерди өстүрүп, пайда табууну көздөп келгенбиз. Азырынча малинадан баштадык. Биздин сорт 2018-жылы Польшадан чыгарылган, аталышы «Делнива». Көчөттөрдү быйыл эле көп өлчөмдө сата баштадык. Буга чейин тамырлары күчтөнсүн деп, тийген эмеспиз», — деди ал.

Анын айтымында, малинанын көчөтү 120 сомдон бааланууда.

«Негизинен малинага көбүрөөк көңүл буруудабыз. Акырындык менен кулпунайдын дагы жаңы сортун көбөйтүп, бүлдүркөн менен карагатты дагы коштук. Табигый таза азык деген атка конолу деген ой менен жалаң органика жана гумат колдонобуз. Малина кыркылганда саптарын өрттөп, күлүн колдонобуз. Органиканы айылда мал баккандардан сатып алабыз. Ал эми гуматты Бишкек шаарынан алып келебиз. Малинанын көчөтүн 120 сомдон баалап жатабыз. Биз өзүбүз 150 сомдон алганбыз. Сорт жаңы, түшүмдүү жана 2-3 жумага эретрээк бышкандыктан баа ушундай болуп жатат. Өзүн актай турган көчөт. Чакан огородубуз бар, анда алма, алмурут өстүрөбүз», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Ажара Курманалиева жолдошу менен биргеликте 2 уул жана 2 кызды тарбиялап өстүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE