Пример HTML-страницы

Беловодск айылында аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына акысыз китеп кап берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн,1-сентябрда Чүй облусунун Москва районунда билим күнү белгиленди. Анда аз камсыз болгон үй-бүлөгө акысыз китеп кап жана окуу куралдары берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Айыл аймагындагы билим берүү мекемелерине барып, жаңы окуу жылы менен куттуктадык. Ошондой эле Беловодск айылында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү 3 окуучуга майрамдык белек иретинде китеп кап, окуу куралдарын бердик», — деди Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Алмазбек Дубанаев.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына таянганда, район боюнча 1-класска 2200 окуучу тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE