Пример HTML-страницы

Beeline өлкө боюнча тармактын сапатын жакшыртат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖылдын аякташы — абдан көп түйшүктү талап кылган убак. Аягына чыга турган көп иштер, ишке ашыруу үчүн көптөгөн идеялар, көптөгөн чалуулар бар. Beeline Кыргызстан уюлдук оператору ушундай түйшүктүү мезгилде да абоненттер ишенимдүү, сапаттуу байланыш менен камсыз болушуна кам көрөт.

Beeline тармакты модернизациялоо жана бүткүл Кыргызстанды камтуу боюнча кеңейтүү иштерин улантууда. Жыл ичинде компания өлкөнүн ар кайсы аймактарында жаңы базалык станцияларды курду жана болгон инфраструктуранын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртты, тармактын сыйымдуулугун жана маалыматтарды берүү ылдамдыгын жогорулатты.

Аткарылган иштин жогорку сапаты Speedtest Intelligence® маалыматтарынын негизинде Ookla® тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз изилдөөнүн натыйжалары менен тастыкталат. 2023-жылдын үчүнчү кварталынын көрсөткүчтөрүн талдоонун жыйынтыгы боюнча Beeline Кыргызстан уюлдук оператору Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 4G интернет ылдамдыгы боюнча лидер деп табылды.

Башка аймактар, анын ичинде өлкөнүн алыскы аймактары да көңүл сыртында калбайт. Заманбап дүйнөнү уюлдук байланышсыз элестетүү кыйын болсо да, Кыргызстанда бул жөнөкөй ыңгайлуулуктан ажыраган калк отурукташкан жайлар дагы эле бар. Себептери ар кандай болушу мүмкүн: рельефтин өзгөчөлүктөрү, татаал географиялык жайгашуу, инфраструктуранын жоктугу, радиофобия жана башкалар. Ар кандай кыйынчылыктарга карабастан, Beeline Кыргызстан компаниясы мындай көйгөйлүү аймактар да байланышта болушу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.

Уюлдук оператор жакында эле мамлекеттин алдындагы милдеттенмелеринин алкагында бир эле учурда үч жаңы аймакты тармак менен камсыз кылды. Булар Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы алыскы конуштар Беш-Кемпир, Кара-Жыгач жана Карасай.

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Беш-Кемпир айылындагы жаңы базалык станция — Beeline Кыргызстандын жеке иши формалдуу милдеттеринен келип чыккандыгынын ачык мисалы. Айыл тургундарында байланыш кызматтарына жетүүгө болгон күчтүү муктаждык сезилген. Базалык станциянын жайгашкан жерин тандоодо жана анын курулушунун жүрүшүндө компания негизинен жергиликтүү калктын кызыкчылын көздөдү.

«Жетүүгө кыйын болгон пункттарды сапаттуу байланыш менен камсыздоого келгенде, биринчи кезекте анын канчалык кыйын экенин эмес, анын канчалык маанилүү экенин ойлонуш керек. Жакын адамдар менен тыгыз байланышта болуу, өзгөчө кырдаалдарда өз убагында жардам сурап кайрылуу, дүйнөдөгү окуялардан кабардар болуп, заман менен бирге болуу маанилүү. Beeline бул мүмкүнчүлүктү бардык кыргызстандыктарга берүүгө аракет кылат. Бул үчүн биз жаңы базалык станцияларды куруп, иштеп жаткан объектилерди тынымсыз модернизациялап, техникалык параметрлерин жакшыртып, мамлекетке өлкөнүн санариптик өнүгүүсүн камсыздоого жардам беребиз», — деди Beeline Кыргызстандын башкы директору Андрей Пятахин.

Beeline: 25 жылдык мүмкүнчүлүк жана инновация!

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE