Пример HTML-страницы

Базарларда 300 сомго чейин сатылып жаткан козу карынды кайсы жерден терсе болот?

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин устрица козу карындары (вёшенка) чыга баштаганын аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү тургундар эс алуу күндөрү устрица козу карындарын терүүгө чыгышат.

«Козу карындарды табуу үчүн көп аймакты чыдамдуулук менен карап чыгуу керек. Күн жылып, жазгы жамгыр жаай баштаганда дүмүрдө (дарактын сөңгөгү, кыйылган же сынган кичинекей бөлүгү), токой тилкелериндеги бак-дарактарда, суу объектилеринин айланасындагы бактарда устрица козу карындары пайда болот. Эгер алар өскөн жерлерди изилдеп, эстеп, козу карындарды кылдаттык менен кесип алсаңыз, анда түшүмдү көп жылдар бою жыйноого болот», — деген Кара-Балта шаарынын тургуну Николай Радченко тынч аңчылыктын сырлары менен бөлүштү.

«Устрица козу карыны — жегенге жарамдуу козу карын. Ачык жана кара түстүү түрлөрү бар. Бул козу карын ар кандай жалбырактуу дарактардын дүмүрүндө жана сөңгөгүндө топ болуп жашайт. Устрица козу карынынын жагымдуу даамы жана жыты бар. Кыргызстанда бул козу карындар жасалма жол менен өстүрүлөт. Чүй облусунун базарларында козу карындын килограммы 180 сомдон 300 сомго чейин сатылууда», — деди биолог Ирина Стежко.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE