Пример HTML-страницы

Баткендин айрым аймактарында электр энергиясы күн сайын өчүрүлүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун айрым аймактарында электр энергиясы күн сайын бир канча саатка өчүрүлүп жатканы жергиликтүү тургундарды нааразы кылууда.

Алардын айтымында, «Баткен райондук электр тармактары» ишканасына караштуу Апкан линиясында 3 күндөн бери эртең мененки саат 9:00дөн кечки саат 17:00гө чейин электр тогу өчүрүлүүдө. Күн сайын кечки саат 20:00дөн баштап, 21:00гө чейин өчүрүлүп жатат.

  • Апкан линиясынан 700дөй кожолук электр тогун пайдаланат.

Ал эми «Баткен райондук электр тармактары» ишканасы бул өчүрүүлөр оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканына байланыштуу болуп жатканын билдирди.

  • Буга чейин Энергетика министрлиги 8-марттан баштап кыска мөөнөттүү жөнгө салуу иш-чараларын токтотконун кабарлаган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE