Пример HTML-страницы

Баткендик К.Дыйканов 20 жылда беш жүзгө жакын комуз жасап, Америкага чейин саткан

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Бужум айылынын 58 жаштагы тургуну Карим Дыйканов 20 жылдан бери комуз, кыл кыяк сыяктуу музыкалык аспаптарды жасап келет. Бул мезгилге чейин болжол менен 500дөй комуз жасап, Америкага чейин саткан.

Каарманыбыз жыгач чаап, комуз жасап, устачылык өнөрдү өз алдынча үйрөнгөн.

«Мен Баткен районунун Бужум айылында 1965-жылы туулгам. Мектепти аяктаган соң, Ош шаарындагы Ниязаалы атындагы музыкалык окуу жайында аспаптар бөлүмүн бүткөм. Андан кийин БатМУда көркөм өнөр боюнча билимди жогорулаттым. 1986-жылдан бери билим берүү жана маданият тармагында иштеп келе жатам. Устачылык өнөрдү карманганыма 20 жыл болуп калды. Аны өз алдымча үйрөнгөм. Азыркыга чейин башка усталар менен тажрыйба алмашып жүрөм.

Ушул күнгө чейин 500дөй комуз жасадым. Кыл кыякты да жасайм. Бул аспаптарга Кыргызстандын бардык аймактарынан буюртма түшөт. Буга чейин Россия, Америкага чейин жасап жөнөткөм», — деди ал.

Каарманыбыз билдиргендей, комуздун баалары 10 миң сомдон баштап 15 миң сомго чейин болот.

«Жасоо үчүн көп убакытты талап кылат. Мисалы, жыгачы 2 жылда даяр болот. Андан кийин 10-15 күндө чаап жасайбаз. Бирок, анын да даярдалышы убакыт талап кылат. Жыгач тапка келиши керек. Ар кандай орнаменттерди түшүрүүнү сунушташат. Буюртмачынын каалоосундай жасалат. Анан ноталар туура болушу үчүн атайын белгилер коюлат. Ал бир жагы кооздук тартууласа, экинчи жагы ноталар так болот. Мен өзүм да комузду чертип жүрөм», — дейт уста Карим Дыйканов.

Жыгач уста учурда А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында эмгектенет. 2 кыз, бир уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE