Пример HTML-страницы

Баткенде сел агызып кеткен 70 баш мал көмүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 19-май күнү саат 19:30дар чамасында катуу жааган жаандан улам Лейлек районунун Баул айылында сел жүрүп, малды агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, сел жергиликтүү тургундардын кой-эчкиллерин агызып кеткен. Айылга райондук ветеринардык кызматынан 2 кызматкер жана жеке менчик «Мерседес-Бенц-312» үлгүсүндөгү унаа тартылып, 70 баш кой-эчки көмүлдү. Учурда жеринде жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Окуя тууралуу:

Буга чейин жергиликтүү тургундар сел 400дөн ашуун малды агызып кеткенин билдиришкен.

«Кечээки сел ички жолдорду үзгүлтүккө учуратты. Мындан сырткары жергиликтүү элдин малдарын да агызып кетти. Алар кечинде үйүнө кайткан учурда сайда болгон. Сел келип, 400дөн ашуун малды агызып кеткен. Жол оңдолуп, каттам иштеп баштады», — деген Баул айылынын тургуну Толкунбек Айдаров.

Баул Лейлектин Катраң айыл өкмөтүнө карайт. Айылда 300гө жакын кожолук бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE