Пример HTML-страницы

Баткенде изделип жаткан адамдын жансыз денеси табылды

Акыркы жанылыктар

Turmush6 күндөн бери изделип жаткан Амирбек Мурзакуловдун жансыз денеси табылды.

Баткен шаарынын 37 жаштагы тургуну 28-декабрдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан.

Анын сөөгү кечээ, 2-январда Баткен шаарынын Токтогул олуя жаңы конушундагы талаадан табылды.

Жакындарынын айтымында, ал ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, сүйлөй албайт. Ал адам жок талаада чуңкурга түшүп кетип, чыга албай, ошол жерде каза болгон.

Бул фактты милиция кызматы да тастыктап, атайын экспертиза дайындалбаганын билдиришти.

Буга чейин Turmush басылмасы Баткенде 37 жаштагы Амирбек Мурзакулов дайынсыз жоголгонун жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE